Ссылки доступа

Тажикстанда укук коргоочу Иззат Амондун тарапташы экстремизмге айыпталды


Хусейн Ишанкулов
Хусейн Ишанкулов

Тажикстан бийлиги "Тоджикон" укуктук борборунун мурдагы кызматкери Хусейн Ишанкуловду ЖМК жана интернет аркылуу элди экстремизмге үндөдү деп айыптады. Ишанкулов – Душанбеде камакта отурган укук коргоочу Иззат Амондун тарапташтарынын бири.

Тажикстандын Ички иштер министрлиги Ишанкуловдун үстүнөн кылмыш ишин козгоого эмне себеп болгонун кабарлаган жок. Тажик мигранттарынын укугун коргоп жүргөн Ишанкулов беш жылдан он жылга чейин соттолушу мүмкүн.

Хусейн Ишанкулов тажик бийлигин мигранттардын укугун коргогон Иззат Амонду куугунтуктаганы үчүн сындаган жайы бар.

Ишанкулов 2015 жылдан бери Москвада турат.

Орусия борборундагы "Тоджикон" укуктук борборунун жетекчиси Иззат Амон 25-мартта Тажикстанга депортацияланган. Тажик бийлигинин маалыматына караганда, анын үстүнөн он эки адам арызданган. Алар 2014-жылдан 2020-жылга чейин укуктук колдоо үчүн Амонго акча беришкенин, бирок эч кандай жардам алышпаганын билдиришкен.

Амондун тарапташтары ал Тажикстандын өкмөтүн сындап жүргөнү үчүн кармалганын, анын ишинде саясий өңүт бар экенин айтып келишет.

XS
SM
MD
LG