Ссылки доступа

Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгынын урматына 40тан ашуун иш-чара өткөрүлөт


Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын майрамдоо алкагында республика боюнча 40тан ашуун иш-чаранын өткөрүлүшү пландаштырылган. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, борбордо аскер парады, эмгекчилердин парады өтүп, облустарда театралдаштырылган оюндар, концерттер, төкмө акындар айтышы, сүрөт көргөзмөлөрү, дизайнер жана кол өнөрчүлөрдүн, «Манас» эпосун айтуучулардын фестивалы өткөрүлөт.

Өкмөт башчы Улукбек Марипов салтанат алкагында пландаштырылган иш-чаралар эпидемиологиялык талаптарды эске алуу менен өтүүсү тийиш экенин белгиледи.

«Үстүбүздөгү жылы биз Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын майрамдайбыз. Бул майрам ар бир кыргызстандык үчүн өзгөчө маанилүү даталардын бири. Юбилейлик датаны майрамдоого арналган иш-чаралар коомдук коопсуздуктун камсыздалышын жана эпидемиологиялык талаптардын сакталышын эске алуу менен өтүүсү тийиш. Баткен облусундагы турак-жайларды, социалдык жана аскер объектилеринин курулушун жыйынтыктоого артыкчылыктуу маани берилиши кажет», - деди ал.

31-август - Кыргызстандын Эгемендик майрамы.

XS
SM
MD
LG