Жыйында экологиялык коопсуздукту жана айлана-чөйрөнү коргоого багытталган мамлекеттик саясатты ишке ашыруу, жаратылыш ресурстарын этият пайдаланып, калктын жашоо-турмушун жогорулатуу сыяктуу маселелер партиянын платформасы катары белгиленди.
Өзбекстандын экологиялык партиясы биринчи жолу өз талапкерин президенттикке көрсөттү. Эми анын талапкерин каттоо үчүн партия мыйзам боюнча шайлоочулардын бир пайызынын колун чогултууга милдеттүү.
Өзбекстанда президенттик шайлоо 24-октябрга дайындалган. Мыйзам боюнча президенттикке талапкерлерди саясий партиялар көрсөтөт.