Ссылки доступа

«КазТрансГаз» абада метан булуту түзүлдү деген маалыматты жокко чыгарды


«КазТрансГаз» компаниясы Алматы облусунда кытай газ куурунан ири өлчөмдө метан тарады деген маалыматты жокко чыгарды.

Буга чейин Bloomberg агенттиги франциялык Kayrros SAS геоаналитикалык фирмасына таянуу менен 24-июлда Алматынын батышын карай болжол менен 100 чакырым жерде абада метан булуту түзүлдү деп кабарлаган. Иликтөө уюмунун маалыматына караганда, Кытайга табигый газ жеткирген куурдан саатына 200 тонна метан чыгып турган. Kayrros SAS фирмасынын эсебинде, мындай газ көлөмүнүн зыяны жыл ичинде 10 миң автоунаанын абага чыгарган уулуу түтүнүнө барабар.

3-августта газ куурунун казакстандык бөлүгүнө жооптуу «КазТрансГаз» компаниясы билдирүү таратып, абада метан булуту түзүлдү деген маалыматты жокко чыгарды.

Компаниянын кабарлашынча, иликтөө компаниясы көрсөткөн координаттарда Asia Gas Pipeline компаниясынын көзөмөлүндөгү «Казакстан — Кытай» магистралдык газ куурунун компрессордук станциясы орношкон. «Метан тарады» деген күнү ал жакта пландуу иштер жүргүзүлгөн.

Узундугу 1833 чакырымды түзгөн газ кууру Түркмөнстан газын Өзбекстан менен Казакстан аркылуу Кытайга ташыйт.

XS
SM
MD
LG