Ссылки доступа

Өзбекстанда 11 жаштагы баланын зордукталганы иликтенүүдө


Фергана облусунун укук коргоо органдары Кувин районунда 11 жаштагы баланын 48 жаштагы агасы тарабынан зордукталганы жөнүндө маалыматты текшерүүдө.

Буга чейин баланын апасы жергиликтүү блогерлердин бирине кайнагасы уулун эки жыл бою интимдик байланышка мажбурлап жүргөнүн, бул 2018-2019-жылдары болгонун айткан.

“Биринчи жолу агам менен короону сугарып жүргөндө болгон. Экинчисинде 3-4 айдан кийин кайталанды. Денем катуу ооруксунду, бирок бул тууралуу жакындарыма айткандан уялдым. Аягында чоң апама айттым. Бирок ал эч кандай чара көргөн жок. Былтыр апам мени дарыгерге көрсөттү”, - деген бала.

Блогердин видеоинтервьюсу жарыялангандан кийин Кувин райондук укук коргоо органдары бул билдирүүнүн алкагында тергөөгө чейинки текшерүү иштерин башташты.

Инисинин баласын зордуктоого шектелген киши кармалды.

Бирок блогер Акида Ханум билдиргендей, баланын апасы мурда айткан сөзүнөн танууда.

– Туугандары эгер кайнагасы камалса, каргай турушканын айтып коркутушуптур. Ошондуктан аял мурдагы сөзүнөн баш тартууда, – деди блогер.

Өзбекстандын Кылмыш кодексинде бачабаздык үчүн жоопкерчилик каралган эмес. Мындай кылмыш жасагандар “Жыныстык кумарын адаттан тыш, зордукчул формада канааттандыруу”, “16 жашка чыга электерге карата адепсиз аракетке баруу” беренелери менен жазаланат.

Бул үчүн коомдук жумуштарга кесүү же бир жылга чейин эркиндигин чектөө гана каралган.

Видео

Видео

XS
SM
MD
LG