Ссылки доступа

Тажик оппозициясы 33 тарапташынын кармалганы тууралуу билдирүүнү четке какты


4-августта Тажикстандын ички иштер министри Рамазон Рахимзода 143 киши экстремизм шеги менен камалганын, алардын бардыгы тыюу салынган диний-радикалдык жана террордук-экстремисттик уюмдарга мүчөлүккө айыпталып жатканын билдирди.

Бозгундагы тажик оппозициясы тарапташтары камалганы тууралуу билдирүүнү четке какты

Анын айтымында, кармалгандардын арасынан 23 кишинин "Группа-24", "Ислам кайра жаралуу партиясы" жана Т"ажик улуттук пакты" сыяктуу саясий оппозиция менен байланышы бар.

Тажикстанда тыюу салынган Ислам кайра жаралуу партиясынын лидери Мухиддин Кабири “Озоди” радиосуна берген маегинде тажик министринин сөзүн жокко чыгарды. Анын айтымында, бул билдирүү пропагандалык мүнөзгө ээ. Диний уюм көптөн бери Тажикстанда ишмердүүлүгүн жүргүзбөй калган.

“Группа 24” жетекчилиги да Тажикстанда кыймылдын 13 тарапташы кармалганын четке какты. “Бул калп. Быйыл активисттерибиздин бирөө гана – Рахматжони Махмажон кармалды. Анын Орусиядан уурдап кетишип, Тажикстанга депортациялашкан. Тажикстан бийлиги Рахматжондун эмне себептен уурдаганын, кандай күнөөсү бар экенин жана кайсы жерде кармалып турганын айтпай жатат”, - деди топтун басма сөз катчысы Саидали Ашуров.

Видео

Видео

XS
SM
MD
LG