Ссылки доступа

Казакстандагы Каражанбас кениндеги аялдар иш ташташты


Мангистау облусунун Каражанбас кенинде мунайчыларга тамак даярдоо менен алектенген Caspian food компаниясынын жумушчулары айлык акыны көбөйтүүнү талап кылып, иш таштоого чыгышты. Бул тууралуу 4-августта Lada.kz сайты жазды.

Ондогон аялдар маянаны эки эсеге, 220 миң теңгеге чейин (500 доллар) көбөйтүүнү жана эмгек шартын жакшыртууну талап кылышууда.

4-августта иш таштагандар президент Касым-Жомарт Токаевге видеокайрылуу жолдошкон.

Аймактык басылмалар иш берүүчү компаниянын өкүлдөрү иш таштагандар менен жолугуп, талаптарын угуп, маселени карап көрүүгө убада беришкенин жазышты.

28-июлда Industrial service resources жалданма компаниясынын кызматкерлери "Каражанбасмунай" компаниясынын штатына кабыл алууну, социалдык пакетти киргизүүнү жана айлык акыларды жогорулатууну талап кылып иш ташташкан. Алардын талабы орундатылгандан кийин нааразылык токтогон.

Видео

Видео

Кыргызчаны оңой үйрөткөн мугалим
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:11:07 0:00
XS
SM
MD
LG