Ссылки доступа

Өзбекстанда коррупцияга даттанууларды кабыл алган сайт ишке киргизилди


Өзбекстандын Коррупцияга каршы агенттиги жемкорлукка байланыштуу даттанууларга арналган Eantticor.uz сайтын ишке киргизди.

Агенттиктин кабарлашынча, өзбекстандыктар бул сайттын жардамы менен сунушталган төрт тема боюнча маалымат калтыра алышат. Алар: “Мен мамлекеттик органдын таза кызматкерин кездештирдим”, “Пара бердим”, “Парага тиешеси жок коррупциянын түрүнө күбө болдум”, “Паракорду кезиктирип, пара берүүдөн баш тарттым”.

Агенттик аталган сайттагы маалыматтын жардамы менен мамлекеттик мекемелердин жемкорлукка тиешелүү рейтингин жасоону көздөп жатат.

Өзбекстанда коррупция – өлкөнүн өнүгүшүнө бут тоскон бирден бир кедерги экени айтылып келет. Жемкорлуктун деңгээлин иликтеген Transparency International уюму 2020-жылдагы баяндамасында Өзбекстанды 180 өлкөнүн ичинен 146-орунга жайгаштырган.

XS
SM
MD
LG