Ссылки доступа

"Фотехобод" чек ара бекетиндеги паракорчулук аныкталган жок


Каржы көзөмөлү жана коррупция менен күрөшүү агенттигинин Согди облустук башкармалыгы быйыл Тажикстан менен Өзбекстандын чек арасындагы "Фотехобод" ("Ойбек") көзөмөл-өткөрмө бекетинин кызматкерлерине байланыштуу бир гана даттануу түшкөнүн кабарлады.

“Арызды ким жазганы белгисиз болгон, ошондуктан каралган эмес”, - деди башкармалыктын башчысы Шараф Аваззода.

28-июлда Орусияга жолго чыккан жүздөгөн адам "Фотехобод" ("Ойбек") чек ара бекетинин кызматкерлеринин ишине даттанышып, алар пара аларын айтышкан. Чек ара кызматкерлери 1300 сомони (100 доллардан ашык) парага чек арадан өткөрөт деген айың кеп тараган.

“Мындай акчаны кайдан табам, пенсиям болгону 200 сомони. Алар көлөкөдө отуруп алып акча таап жатышат”, - деп нааразы болгон чек арадан өтө албай жаткан аял.

“Озоди” радиосу өзбек-тажик чек арасындагы маселе тууралуу жазган. Материалга караганда, Орусиядан кайткан мигранттар өзбек бекетинен тез өтүп, тажик бекетинде бир нече саат бою кезекке турууга мажбур.

Шараф Аваззода макала жарыялангандан кийин көзөмөл-өткөрмө бекетте бир жума иш алып барышканын белгиледи. Ал паракорчулукка туш болгон жарандар кызматташуудан баш тартышарын, бул учурда кылмыштын бетин ачуу кыйын экенин айтты.

XS
SM
MD
LG