Ссылки доступа

Казакстанда саясий туткун Аскар Кайырбек ачкачылык жарыялады


“Экстремисттик уюмдун ишин уюштурду жана катышты” деп айыпталып, 1,5 жылга соттолгон активист Аскар Кайырбек түрмөдө ачкачылык жарыялады. Адвокат Гүлшат Дүйсенованын айтымында, анын ачкачылык жарыялаганына 6-августта беш күн болду.

– Ал ишти кайра карап, адилет өкүм чыгарууну талап кылууда. Ал өзүн күнөөсүзмүн деп эсептейт жана 405-берененин 1-бөлүгү (экстремисттик уюмдун ишине аралашуу) жана 2-бөлүгү (экстремисттик уюмдун ишин уюштуруу) боюнча актоону талап кылат. Экинчиден Аскер Казакстанда бул берене боюнча көптөгөн адамдарга чектөө жазасы берилип жатканда, эмне себептен аны эркинен ажыратканын түшүнбөйт, – деди адвокат Гүлшат Дүйсенова.

Маалыматка караганда, ал суу гана ичип, тамак-аштан баш тартты.

44 жаштагы Аскар Кайырбек былтыр 22-декабрда кармалган. Ал өлкөдө тыюу салынган “Казакстандын демократиялык тандоосу” кыймылына катышы бар деп айыпталган. Январда укук коргоочулар аны саясий туткундардын тизмесине кошушкан.

Видео

Видео

XS
SM
MD
LG