Ссылки доступа

Тажикстанда аз камсыз үй-бүлөлөргө жөлөк пул бериле баштады


Тажик бийлиги өлкөдө оор абалда жашаган аз камсыз үй-бүлөлөргө жөлөк пул берүүнү баштады.

Саламаттык сактоо жана социалдык жактан коргоо министрлигинин маалыматына караганда, бир жолку бериле турган 500 сомониден (50 доллардан аз) жөлөк пулду 165 миң үй-бүлө алышы керек. Каражат Дүйнөлүк банк бөлгөн гранттын эсебинен төлөнөт.

“Ховар” маалымат агенттиги билдиргендей, августта 7 жашка чейинки баласы бар 84 миң аз камсыз үй-бүлөгө, сентябрь-октябрда жаш балалуу жана 7 жаштан 16 жашка чейинки баласы 56 миң үй-бүлөгө жөлөк пул берилет. Ноябрь-декабрда 18 жашка чейин майып баласы бар аз камсыз 25 миң үй-бүлө жардам алат.

Пандемия маалында аз камсыз үй-бүлөлөргө эл аралык гранттардын эсебинен социалдык жардам берүү ушуну менен экинчи жолу уюштурулууда.

Буга чейин Дүйнөлүк банк 70 миң аз камсыз үй-бүлөгө 500 сомониден жардам көрсөткөн.

Тажикстан бийлиги өлкөдө калктын 30 пайызы жакырчылыктын чегинде жашай турганын маалымдаган.

Видео

Видео

Туристтерди капа кылган кыргыз милициясы
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:06:43 0:00
XS
SM
MD
LG