Ссылки доступа

Токиодо жайкы Олимп оюндары жыйынтыкталды


Жекшемби, 8-августта Токиодогу жайкы Олимп оюндары жыйынтыкталды. 23-июлда башталган турнирге 204 өлкөдөн жана качкындар курамасынан 11 000ден ашуун спортчу катышып, спорттун 33 түрү боюнча 339 медаль комплекти үчүн күч сынашты.

Мелдештин акыркы күнү Америка Кошмо Штаттары волейбол, велосипед жарышы жана аялдар баскетболу боюнча жеңишке жетип, 39 алтын медаль менен биринчи орунду ээледи. Кытай АКШдан бир гана медаль аз алып, жалпы эсепте экинчи орунду алды. Жапон курамасы 27 алтын медаль менен үчүнчүлүктү камсыздады.

Кыргызстан Олимп оюндарында эки күмүш, бир коло медалга ээ болуп, Борбор Азия боюнча Өзбекстандан кийин экинчи орунду ээледи. Өзбекстан 3 алтын, 2 коло медалдын ээси болуп, чөлкөмдө эң мыкты көрсөткүч жаратты. Түркмөнстан 1 күмүш, Казакстан 8 коло медаль алды. Борбор Азия өлкөлөрүнөн Тажикстан гана медаль уткан жок.

2024 -жылкы жайкы Олимпиада оюндарын өткөрө турган Парижде миңдеген адамдар, анын ичинде Токиодон кайтып келген жеңүүчүлөр Эйфел мунарасынын жанына чогулуп, Олимпиадалык желектин тапшырылышын кубаттап турушту.

Видео

Видео

Туристтерди капа кылган кыргыз милициясы
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:06:43 0:00
XS
SM
MD
LG