Ссылки доступа

Тажикстандын тоолуу районунда мугалимдер маянасыз калышты (видео)


Учителя Муминабада остались без отпускных
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:27 0:00

Хатлон облусуна караштуу Муминабад районунун мугалимдери быйыл жайкы эмгек өргүү үчүн акча алышкан жок. Бийлик аларга 1,5 млн сомони карыз. Жергиликтүү акимчилик Каржы министрлигине кайрылганын, бирок жооп ала элек экенин билдирди.

«Мен эки жолу Каржы министрлигине кайрылдым. Кат жеткирдим. Бирок биз азыркы финансылык оор абалды эске алышыбыз керек», - деди райондун башчысы Лутфия Шарифзода.

Муминабад району республикалык жана облустук бюджеттен каржыланат. Ушул тапта мугалимдер гана эмес медицина кызматкерлери да маяна алышпаганын билдиришүүдө.

Тажикстандын каржы министри Файзиддин Каххорзода августта өткөн маалымат жыйынында айлык маяна боюнча бересе жок экенин айткан.

Былтыр пандемия күчөп турган маалда Тажикстандын булуң-бурчунан жүздөгөн мамлекеттик кызматкерлер маяна ала албай жатканына даттанышкан. Кийинчерээк бийлик карызды зорго жапканын билдирген.

XS
SM
MD
LG