Ссылки доступа

Ашхабадда ымыркайын таштанды челегине ыргыткан студент кармалды


Ашхабад
Ашхабад

Ашхабад милициясы жаңы туулган баласын таштандыга ыргытып жиберген студент кызды кармады.

“Азаттыктын” түркмөн кызматы билдиргендей, шектүү Түркмөн мамлекеттик экономика жана башкаруу институтунун студенти.

Ашхабаддагы "Гаудан А" районунун тургундары таштанды челегинен жаңы төрөлгөн ымыркайдын сөөгүн табышкан. Окуя 22-июлда болгон. Бул райондо аталган институттун жатаканасы жайгашкан.

Милиция иликтөө учурунда шектүүнүн студент экенин аныктаган.

“Студент кыз өзүнүн окутуучусунан боюна бүтүп калганын жана бул ишти жашыруу үчүн чара көрүүгө аргасыз болгонун мойнуна алган”, - деди редакциянын өз булагы.

Түркмөнстанда аборт жасатууга тыюу салынган.

XS
SM
MD
LG