Ссылки доступа

Казакстандын батышында ЛГБТ коомчулугуна каршы митинг өттү


8-августта Актөбөдө жүздөй киши ЛГБТ коомчулугунун борбордук аянтта чогулушуна каршы чыгышты.

Алар “салт-санаага жана динге каршы кыймылдын мүчөлөрүн акимчилик Актөбөгө киргизбесин” деген жазуу түрүндөгү талаптарын акимчиликке жолдошту. Уруксат берилбеген жыйынды полиция сырттан көзөмөлдөп турду, эч ким кармалган жок.

Алар нааразылыкка 13-августта Актөбөдө ЛГБТ өкүлдөрүнүн жыйыны болот дген кабардан кийин чыгышкан.

Чогулгандардын көбү ЛГБТ кыймылдары алардын балдар-кыздарына терс таасирин тийгизип жатканын айтышты.

Митингге жүздөй киши чогулду. Алар акимчиликке жолдонгон катка кол коюшуп, бир сааттан кийин тарап кетишти.

ЛГБТ+коомчулугунун жыйыны өтө турганын Feminita активисттери соцтармактарда жарыялашкан. Мындан соң топ коркутуп-үркүтүүлөргө кабылганын билдирди.

— Тынч жыйын өткөрүп, пикир айтууга ар кимдин укугу бар. Ошондуктан 13-августта Актөбөгө барып адам укуктары жөнүндө сүйлөшөбүз. Актөбөдө ЛГБТ бар. Алар да адамдар. ЛГБТ мүчөлөрүн уруп-сабап, каргап-шилеген менен Актөбөнүн экологиясы менен экономикасы, мындан тышкары жарандардын саясий укуктары боюнча абалы жакшырып кетпейт, - деди Feminita кыймылынын өкүлү Гүлзада Сержан.

Буга чейин Feminita активисттеринин Караганды жана Чымкенттеги жыйыны да үзгүлтүккө учураган.

Видео

Видео

Спорт жана үй-бүлө: Изабековдордун жашоо философиясы
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:33:03 0:00
XS
SM
MD
LG