Ссылки доступа

ЖМК: Талибдер кундуз шаарын басып алышты


Ооганстандын расмий бийлиги өлкөнүн түндүгүндө жайгашкан Мазари-Шариф, Балх жана Тахар провинцияларында Талибан менен айыгышкан кармаш уланып жатканын кабарлады. Буга чейин талибдер Тахар менен Кундузга толук көзөмөл орноткону маалымдалган болчу.

Расмий Кабул Кундуз шаары менен кошо үч провинциянын борбору алынганын төгүндөп, бирок андагы көпчүлүк аймак талибдердин колуна өткөнүн ырастады.

Tolo News агенттигинин булактары салгылашуу Кундуз шаарынан алыс эмес жерде жүрүп жатканын жана өкмөттүк күчтөргө колдоо келбесе, алар курчоону бузуп өтүүгө аргасыз экенин кабарлаган.

8-августтагы айыгышкан кармаштын жыйынтыгында талибдер Мазари-Шариф провинциясынын көпчүлүк бөлүгүн, анын борбору Кундуздун жарымын, Тахар провинциясынын борборун жана ага жакын аймакты басып алганы маалымдалган.

Кундуз шаарынын аэропортун жана аскердик базасы гана өкмөттүк күчтөрдүн колунда калып, калган мамлекеттик объектилер талибдердин көзөмөлүнө өткөнү жарыяланган.

Бирок Ооганстандын Коргоо министрлиги Кундуз шаарынын алынганын төгүндөп, контрчабуулдардын натыйжасында өкмөттүк күчтөр шаардын чок ортосундагы мамлекеттик объектилер жана улуттук телеберүү борбору талибдерден бошотулганын билдирди.

Шаардагы жайкын тургандар кайчылаш ок атышууга дуушар болгону айтылууда. Арасында аялдар, карылар жана жаш балдар болгон 14 адам окко учуп, отуздан ашууну оор жаракат менен ооруканага жеткирилгени кабарланды.

Видео

Видео

Тактазан жайлоосунан кен казуу каршылык жаратты
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:04:19 0:00
XS
SM
MD
LG