Ссылки доступа

«Фотехобод» («Ойбек») чек ара бекетинин жетекчилиги алмашты


Тажикстан менен Өзбекстандын чек арасында жайгашкан «Фотехобод» («Ойбек») көзөмөл-өткөрмө бекетинин башчысы жана анын эки орун басары кызматтан алынды. Бул тууралуу “Озодинин” жеке булактары кабарлады.

Чек ара бекетинин башчысы алмашканы тууралуу расмий маалымат жарыяланган жок. Буга чейин жүргүнчүлөр бекеттеги паракорчулук боюнча арызданышкан.

«Чек ара бекетинин башчылыгына Боймурод Абдулхамидов дайындалды. Ал Олим Сатторовдун ордуна келди. Абдулхалимов буга чейин Кыргызстан менен чек арадагы «Гулистон» бекетин башкарган. Кадрдык өзгөрүүлөр өткөн аптада болгон. Жаңы жетекчи менен анын эки орун басары кызматка киришти»,- деди өз булак.

28-июлда «Фотехобод» («Ойбек») көзөмөл-өткөрмө бекетине жыйналган эл чек арачылардын ишине нааразылык билдирип, паракорчулукка айыптаган.

Бирок Каржы көзөмөлү жана коррупция менен күрөшүү агенттиги бекет кызматкерлеринин үстүнөн расмий арыз түшпөгөнүн, буга байланыштуу кызматкерлерди паракорчулукка айыптай албай турганын кабарлаган.

XS
SM
MD
LG