Ссылки доступа

Байден Лукашенко режимине жаңы санкция саларын жарыялады


АКШ президенти Жо Байден 9-августта Беларус президентинин шайланышынын бир жылдыгына карата билдирүү жасады. Ал Александр Лукашенконун режимине каршы жаңы санкция кабыл аларын айтты. Билдирүү Акүйдүн сайтында жарыяланды.

Бир жыл мурун Беларус жарандары келечегин демократиялык шайлоо аркылуу аныктагысы келген деп айтылат маалыматта.

АКШ президентинин пикиринде, беларус элинин каалоосун сыйлагысы кебеген Лукашенко режими жазалоо ыкмасына өттү.

АКШ союшдаштары жана өнөктөштөрү менен бирге адам укуктары менен сөз эркиндигин коргоону уланат. Байден Беларуста демократия менен адам укуктарын чектөөгө катышкан жеке жана юридикалык жактарга каршы санкция салуу жөнүндө жарлыкка кол койгонун жарыялады.

Кошмо Штаттардын президенти жакында оппозиция жетекчиси Светлана Тихановская менен жолуккан. Ага АКШ беларус элин колдой турганын айткан.

XS
SM
MD
LG