Ссылки доступа

Чек ара жаңжалында жабыркаган ишкерлерге жеңилдетилген насыя берилет


Өкмөт 28-30-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда жабыркаган 76 ишкерге жалпы 15,2 млн. сом насыяны жеңилдетилген шартта берүүнү Экономика жана финансы министрлигине тапшырды.

Ага ылайык, 76 ишкердин ар бири 200 миң сомдук насыяны 0,1% үстөгү менен, күрөөсүз үч жылдык мөөнөткө ала алышат. Мындай токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов 9-августта кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Токтомдо "Айыл Банк" менен "РСК Банктан" быйыл 28-апрелге чейин насыя алып, чек ара жаңжалында жабыр тарткан Баткен облусунун тургундары менен ишканалардын карызын белгиленген тартипте кечүү жана реструктризациялоо сунушталган.

Министрлер кабинети бир ай мурун чек ара жаңжалында жабыркагандарга 50 миң сомдон 200 миң сомго чейин кенемте жана үч жылдык мөөнөткө төмөнкү пайыз менен насыя берилерин билдирген. Бирок чек ара чырында миллион сомдоп чыгаша тартканын айтышкан жергиликтүү ишкерлер бул суммага алымсынбаганын билдиришкен.

Баткендеги еуралдуу жаңжалдан келтирилген чыгымды үч башка комиссия иликтеген. Министрлер кабинети жергиликтүү бийлик эсептеп чыккан 1 миллиард 305 миллион 994 миң сомдук зыянды бекиткени маалым болгон.

Кыргызстан тараптан 36, Тажикстан тараптан 19 кишинин өлүмү менен аяктаган куралдуу жаңжалдан кийин Баткенде жабыркагандарга жардам иретинде жалпы 120 млн. сомдон ашуун гуманитардык жардам чогулганы кабарланган.

XS
SM
MD
LG