Ссылки доступа

Сексуалдык ыдык көрсөтүүгө айыпталган Нью-Йорктун губернатору кызматтан кетет


Нью-Йорк штатынын губернатору Эндрю Куомо
Нью-Йорк штатынын губернатору Эндрю Куомо

Сексуалдык ыдык көрсөтүүгө айыпталган Нью-Йорк штатынын губернатору Эндрю Куомо 14 күндүн ичинде кызматтан кете турганын билдирди.

3-августта аймактын прокурору Летиция Жеймс губернатордун бир нече аялга ыдык көрсөткөнү боюнча иликтөө аяктаганын кабарлаган. Анын айтымында, тергөө Куомонун 11 аялга, алардын ичинде кол алдында иштегендерге да сексуалдык ыдык көрсөткөн фактыларды аныктаган.

АР агенттигинин маалыматына караганда, 63 жаштагы демократ айыптоолорду "саясий негиздер менен жасалган чабуул" деп атады.

"Мен бул аракеттерге каршылык көрсөтсөм штатта бир нече ай тынчтык болбойт. Мындай абалдын жаралышын каалабайм. Ошондуктан азыр кызматтан кетүү менен администрацияга башкаруу укугун берүүнү туура деп эсептейм", — деди губернатор.

Тергөөнүн жүрүшүндө көптөгөн аялдар Куомонун өч алуусунан коркуп, анын жүрүм-туруму тууралуу айтпай келишкенин белгилешкен.

Өткөн жумада бул окуя боюнча пикирин билдирген АКШнын президенти Жо Байден Эндрю Куомону кызматтан кетиши керек экенин айткан.

2020-жылы бир нече аял Куомону сексуалдык ыдык көрсөтүүгө айыптап, арызданган. Ал айыптоолорду четке кагып, партиялаштарынын кызматтан кетүү сунушунан баш тарткан.

Эндрю Куомо Нью-Йорк штатын 2011-жылдан бери башкарат. Ал Демократиялык партиянын өкүлү. 2010-жылга чейин ал бул штаттын башкы прокурору болчу.

XS
SM
MD
LG