Ссылки доступа

Казакстанда бир суткада коронавирустан 154 бейтап каза болду


Казакстанда бир сутканын ичинде коронавирус жуктурган жана "ковид пневмониясына" кабылган 8 миңден ашык жаңы учур катталып, 154 бейтап каза болду.

Расмий статистикага ылайык, вирус жуктургандардын 7 657синин ПЧР-тести COVID-19 бар экенин ырастаса, 588 кишинин тести таза чыккан.

11-августка карата өлкөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны 656 777 кишиге жетип, 7 103 бейтап каза болду.

Бийлик 2020-жылдын августунан бери "ковид-пневмониясына" (коронавирустун белгилери бар, бирок тести таза чыккандар) кабылгандардын статистикасын өзүнчө эсептей баштаган. Андан бери пневмониянын бул түрү менен 64 065 киши катталып, 3949 бейтап көз жумду.

Казакстанда акыркы кездери коронавирустун "Дельта" түрү кеңири жайылып жатат. Вирустун бул штаммы менен ооругандар жаштар арасында да көп болууда.

Бүгүнкү күнгө карата өлкөдө 112 843 киши коронавирустан дарыланууда. Алардын ичинен 1808 бейтаптын абалы оор деп бааланып жатса, 451 киши өтө оор абалда жатат. Дагы 215 бейтап жасалма дем алдыруу аппаратына туташтырылган.

Саламаттык сактоо министрлигининин маалыматына ылайык, өлкөдө коронавируска каршы вакцинанын биринчи компонентин 5,87 миллион киши алып, эки компоненти 4,50 миллион жаранга сайылды.

Казакстанда негизинен Карагандыда өндүрүлгөн орусиялык "Спутник V" вакцинасы сайылып жатат. Ошондой эле жергиликтүү QazVac жана кытайлардын CoronaVac вакциналары да колдонулууда.

XS
SM
MD
LG