Ссылки доступа

Ашхабадда мушташтан өлгөн жигиттин сөөгү көпүрөдөн ыргытылган


"Азаттыктын" түркмөн кызматы Ашхабадда мушташ учурунда өлгөн жигиттин сөөгү көпүрөдөн ыргытылганын жазды. Окуя 3-августта Ашхабаддын темир жол бекетине жакын жерде болгон.

Маалыматка караганда, 18-21 жашка чейинки онго чукул киши бир жигитке кол салган.

"Мушташ болуп, баланы өлтүрө сабап коюшкан. Андан соң алар анын сөөгүн көпүрөдөн ыргытып жиберишкен", - деген өз булактардын бири. Ал маркумдун ким экенин жана чырдын себебин айта алган жок.

Анын билдиришинче, бардык жерде видеокөзөмөл камералары болгону менен полиция окуя болгон жерге убагында келген эмес:

– Алар баланы көпүрөдөн ыргытып жибергенден кийин гана пайда болушту. Полиция мушташка катышкан он баланы бат эле кармады. Окуянын күбөсү болгон дагы бир нече киши кармалды. Алар жөн гана өтүп баратышкан жана видеокөзөмөл камерасына түшүп калышкан.

Видео

Видео

Кыргызчаны оңой үйрөткөн мугалим
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:11:07 0:00
XS
SM
MD
LG