Ссылки доступа

Казакстанда жаңы окуу жылы офлайн башталат


Казакстандагы мектептер менен жогорку окуу жайлар 1-сентябрдан баштап салттуу форматта билим бере баштайт. Бул тууралуу өлкөнүн премьер-министр Аскар Маминдин катышуусундагы өкмөттүн жыйыны учурунда айтылды.

Мектептер, колледждер жана жогорку окуу жайлар ырааттуу түрдө кварц менен зыянсыздандырылып, дезинфекцияланып турат. Беткап режими сакталат жана температура өлчөнүп турат. Чоңдор билим берүү жайларына Ashyq системасы аркылуу киргизилет.

Өкмөттүк жыйында эмдөөдөн өткөн гана педогогдор иштей турганы айтылды. Расмий маалыматка караганда, бүгүнкү күнгө карата вакцина алууга тийиш болгон мугалимдердин 93,1 пайызы эмдөөдөн өттү.

Мамин 25-августка чейин педогогдор менен техникалык персоналдарды 100 пайыз эмдөөдөн өткөрүүнү, 20-августка чейин мектептерди санитардык талаптарга шайкеш келтирүүнү тапшырды.

Казакстанда мектеп жашындагы балдардын саны – 3,4 миллион, быйыл 1-класстын босогосун 380 миң бала аттайт. Казакстанда жалпысынан 7475 мектеп бар.

3-августта билим берүү министри Асхат Аймагамбетов окуучулар мектепке классикалык стилде кийинип келсе болорун айткан.

XS
SM
MD
LG