Ссылки доступа

Окумуштуулар: коронавируска каршы жамааттык иммунитет мүмкүн эмес


COVID-19га каршы вакциналар
COVID-19га каршы вакциналар

Коронавирустун "дельта" штаммы COVID-19га каршы жамааттык иммунитеттин пайда болушун жокко чыгарууда. Бул тууралуу AstraZeneca вакцинасын иштеп чыккан топтун жетекчиси, профессор Эндрю Поллард британ парламентинде сөз сүйлөп жатып билдирди.

"Маселе бул вирус кызамыктай эмес экенинде. Эгер кызамыкка каршы калктын 95 пайызы эмдөөдөн өтсө, кызамык вирусу андан ары жукпайт. Коронавирустун "дельта" штамы эмдөөдөн өткөндөргө да жугат. Бул деген эмдөөдөн өтпөгөндөр кайсы бир учурда баары бир вирусту жуктурат... анан бизде муну толугу менен токтото турган эч нерсе жок дегенди билдирет", - деген окумуштуу.

Анын айтымында, жамааттык иммунитетке жетүү "жомок" болуп баратат.

Ошол эле маалда Эндрю Поллард учурда дүрбөлөң түшүүгө себеп жок экенин, себеби азыркы вакциналар вирустун жугушунан сактабаса да, COVID-19дун оор өтүшүнөн сактайт жана өлүмгө бөгөт коюуга кудуреттүү.

Ушул тапта Улуу Британияда калктын 75 пайызы коронавируска каршы вакцинанын эки дозасын тең алды. Муну менен бийлик чектөөлөрдүн көбүн жойду.

Оксфорд университети британ-швед компаниясы менен иштеп чыккан AstraZeneca вакцинасы Евробиримдикте жактырылган COVID-19га каршы төрт препараттын бири. Анын коронавируска каршы орточо эффективдүүлүгү – 70 пайыз, вирустун "дельта" штаммына каршы коргоо мүмкүндүгү – 60 пайыз.

XS
SM
MD
LG