Алар бул “ыктыярдуу-мажбурлоо” түрүндө ишке ашып жатканын билдиришти.
Студенттер “Эгемендүүлүк майрамына карата иш-чараларга мээ кайнаткан ысык учурда катышып жатканына” даттанышып, миинстрликти буга көңүл бурууга чакырышты.
“Эгемендүүлүккө даярдык көрүүнүн алкагында, борбор калаага Ташкент искусство жана маданият институтунун студенттери чакыртылды. Өзгөчө бул иш-чараларга кыздар көбүрөөк катышууда. Ысыкта карантин эрежелери сакталган жок. “Эгер келбесеңер, мындан ары кандай окуй турганыңарды ойлогула”, деп опузалашууда. Биз жогорку билим берүү министрин бул маселеге көңүл бөлүүгө чакырабыз”, - деди студенттердин бири.
Өзбекстандын мурдагы президенти, маркум Ислам Каримовдун тушунда да студенттер Эгмендүүлүк, Нооруз жана башка майрамдарда ар кыл иш-чараларга катышууга мажбур болушкан. Ошондой эле көрүнүш азыр да уланууда.