Ссылки доступа

Тажикстанда төрт окуучу сууга чөгүп кеткенден кийин эки мугалим кармалды


Бахтиёр Каримкулов, Садриддин Каримов, Лазизбек Хидиров жана Асилбек Мамадисоев.
Бахтиёр Каримкулов, Садриддин Каримов, Лазизбек Хидиров жана Асилбек Мамадисоев.

Сырдарыя дарыясына төрт окуучу чөгүп кеткенден кийин Истаравшан шаарынын №60 мектебинин эки мугалими кармалды.

“Озоди” радиосу кабарлагандай, кармалгандар Кылмыш кодексинин “этиятсыздык менен адам өлүмүнө себеп болуу” беренеси боюнча айыпталууда. Алар беш жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Истаравшандагы №60 мектептин окуучулары Бахтиёр Каримкулов, Садриддин Каримов, Лазизбек Хидиров және Асилбек Мамадисоев Сырдарыядагы тыюу салынган жерде сууга түшүп, чөгүп кетишкен. Алардын баары 16 жашта болгон. Маркумдардын сөөгү 8-августта жерге берилген.

7-августта 6-жана 9-класстын 20дан ашык окуучусу мектеп директору жана эки мугалим менен бирге Кожент шаарына барган. Саякат учурунда окутуучулар балдарды кароосуз калтырганы айтылууда. Алдын ала маалыматтарга караганда, сууга түшүп жатканда бир бала сууга чөгүп, ага жардамга келген үчөө да агып кеткен.

Маркумдардын ата-энелери кайгылуу окуя үчүн мугалимдерди күнөөлөшүүдө.

XS
SM
MD
LG