Ссылки доступа

Өзбекстан "Спутник V" вакцинасын чыгара баштайт


Jurabek Laboratories компаниясы Орусиядагы Н. Ф. Гамалеи атындагы эпидемиология жана микробиология илимий борборунун сапат көзөмөлүнөн өттү жана келерки аптадан баштап "Спутник V" вакцинасын чыгара баштайт.

Бул тууралуу орусиялык басылмаларга компаниянын директору Фаррух Лутфуллаев билдирди.

Лутфуллаев сырье Орусиядан келе турганын, вакцинаны таңгактоо келерки аптада башталарын белгиледи.

Май айында Ташкент менен Москва "Спутник V" вакцинасын Өзбекстанда чыгарууну макулдашканы кабарланган.

Өзбекстанда калкты эмдөө 1-апрелде башталган. Ушул тапта өлкөдө орус вакцинасынан тышкары, Кытайын ZF-UZ-VAC 2001, Британиянын AstraZeneca жана АКШдан импорттолгон Moderna вакцинасы колдонулууда.

Видео

Видео

Кыргызчаны оңой үйрөткөн мугалим
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:11:07 0:00
XS
SM
MD
LG