Ссылки доступа

Америкалык инвесторлор Ташкенттин мэрин "рейдерлик басып алууга" айыптоодо


10-августта Ташкенттин Яшнабад районунда жайгашкан Altromark аттуу америкалык ишкананын эки кабаттуу өндүрүш цехтерин түрттүрүү иштери башталды.

1991-жылдан 2018-жылга чейин медициналык техникаларды, майыптар арабаларын, тиричилик эсептегичтерин жана түрдүү металл конструкцияларын өндүрүү менен алектенген Altromark акыркы үч жылдан бери ишкана жайгашкан жер тилкесине байланыштуу мэрия менен соттошуп келет.

Маалыматка караганда, 10-августта ишкананын өндүрүштүк цехине Ташкенттин, Мажбурлап аткартуу бюросунун жана Ички иштер министрлигинин 30га жакын кызматкери барган. Altromark’тын жетекчилиги бул аракетти "рейдерлик басып алуу" деп атап, мунун артында Ташкенттин мэри Жахонгир Артыкхожаев турат деп эсептөөдө.

– Биздин ишкана менен Ташкент мэриясынын ортосунда эч кандай жазуу түрүндөгү макулдашуу жок! Андай макулдашуу болсо алынып жаткан жер тилкесинин ордуна ошондой эле аянтта жер тилкесин бөлүп берүү, өндүрүш токтотулгандан кийин келтирилген материалдык чыгымды толук төлөп берүү жана көчүрүү үчүн кеткен чыгышанын ордун толтуруу сыяктуу милдеттенмелер каралмак. Бул документ нотариалдык негизде бекитилиши керек. Тараптардын бири өз милдеттерин аткарбай койгондо гана соттошууга болот. Бирок бизде мындай макулдашуу жок, болгон да эмес!, – деди ишкананы жетекчиси Сергей Александров.

Анын айтымында, Ташкенттин мэри менен Яшнабад районунун башчысы үч жылдан бери бул маселени чечпей, убада гана берип келишет.

– Ишканабыз 3 гектар аянтта жайгашкан. Метро куруу үчүн анын 1,2 гектарын алуу тууралуу соттун чечими бар. Бирок шаар бийлиги биздин жерди толугу менен тартып алууну каалап жатат. Азыр аталган райондо 3 гектар жер тилкесинин баасы 6 миллион доллардан ашык турат. Калаа бийлиги болсо анын ордуна Ташкент облусунун четиндеги каралбай калган жер тилкесин сунуштап жатат. Биз бул сунушка макул эмеспиз, – деди Александров.

"Акфа/Артел" бизнес-корпорациясына ээлик кылган Ташкенттин мэри Жахонгир Артыкхожаев өзүн ишкерлердин укуктарын коргоочу катары көрсөтүп келет. Бирок "Озоди" радиосунун иликтөөсүндө ал түрдүү себептер менен Ташкенттин борбордук бөлүктөрүндөгү жер тилкелерин ишкерлерден тартып алып, кийин аларды өзүнө байланышы бар компанияларга берип келгенин көрсөтүлгөн.

Өзбекстандагы эң ири бизнес-империяга ээлик кылган Артыкхожаев президент Шавкат Мирзиёевдин жана анын үй-бүлөсүнүн жакын санаалаштарынын бири болуп эсептелет.

XS
SM
MD
LG