Ссылки доступа

Тажикстанда чочко ферманын ээси түзөтүү жумуштарына кесилди


Дехмой айлындагы чочко ферма

Тажикстандын Согди облусуна караштуу Жаббор Расулов районундагы Дехмой айлында чочко фермасынын кожоюну "дарыяны булгады" деген айып менен бир жарым жыл түзөтүү жумуштарына кесилди.

Өкүм 11-августта чыкты. Ага ылайык, фермер Насим Дустматов мамлекетке айлык акысынын 20 пайызын төлөөгө да милдеттендирилди.

Насим Дустматов “Озодиге” берген маегинде өкүм менен макул экенин билдирди.

“Макулмун. Эгер макул болбосом деле эч нерсе өзгөрбөйт”, - деди ал.

Быйыл июль айында фермерге Сырдарыяга чочконун кыгын кайра-кайра төккөнү үчүн кылмыш иши козголгон. Ал буга чейин да ушундай аракети үчүн административдик жоопкерчиликке тартылганы айтылган.

300дөй чочко кармалган ферма дарыядан алыс эмес – бир тарабында эгин талаалары, бир тарабында турак үйлөр жайгашкан аймакта.

Буга чейин жашоочулар каңырсыган жыттан тажашканын айтып даттанышкан. Насим Дустматов ферманы башка жакка которууга убада берген.

Видео

Видео

Туристтерди капа кылган кыргыз милициясы
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:06:43 0:00
XS
SM
MD
LG