Ссылки доступа

Шинжаңдан качкан Ерсин Еркинулы Украинада кайрадан кармалды


Кытайдын Шинжаң аймагында туулган казак Ерсин Еркинулы Украинада кайрадан камалды.

Бул тууралуу аталган өлкөдө жашаган активист Ботагоз Иса кабарлады. Анын айтымында, Ерсин бир нече күн мурун Украинадан Словакияга мыйзамсыз өтүп кетүүгө аракет жасаган маалда кармалган.

– Аны буга чейин бирөөлөр коркутуп жүргөн. Өзүнүн айтышынча, эки чоочун киши келип, “Же Кытайга кайтасың, же өлтүрүп кетебиз” деп опузалашкан. Бирөөлөр аңдып жүргөн деген. Ошондо кийин ал Facebook, WhatsApp тармактарын өчүрүп, бир ай кабары чыкпай калган. Кийин тааныштар аркылуу аны таап сүйлөшсөм, коркуп жүргөнүн, башка өлкөгө чыгып кетүүнү каалап жатканын кеп кылган. Мен ага мындай болбой турганын, күтүшү керектигин айткам, —деди Ботагоз Иса.

23 жаштагы Еркинулы 2020-жылы октябрда Түркиядан келе жатып, Киевдин Борисполь аэропортунда документтерин жоготуп жибергенден кийин кармалган. Ал айып пулга жыгылган.

Еркинулы Украинада депортация жайында отурганын маалымдап, Кытайга кайтарылышы ыктымал экенин, ал жакта аны кыйноо жана өлүм күтүп турганын айтып, жардам сураган. Былтыр декабрда ал эркиндикке чыккан.

Ал Украинанын миграциялык кызматына качкын макамын берүү боюнча арыз менен кайрылган. Кийинчерээк бул макамдын талапкери деген күбөлүк алган.

Кытайдын Шинжаң аймагында уйгурлар, казактар жана кыргыздар сыяктуу жергиликтүү мусулман коомчулугунун жүз миңдеген өкүлү лагерлерде негизсиз кармалып тургандыгы 2017-жылдан бери кабарланып келет. Кытай жергиликтүү элдин укугу бузулганын четке кагууда.

XS
SM
MD
LG