Ссылки доступа

Казакстанда "Азия-Авто" компаниясынын түптөөчүсүнө издөө жарыяланды


Казакстанда «Азия-Авто» компаниялар тобунун түптөөчүсү Анатолий Балушкинге издөө жарыяланды.

Каржы мониторинги агенттигинин Чыгыш Казакстан облустук департаментинин маалыматына караганда, Балушкинге карата "Алдамчылык" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, сот аны камакка алуу тууралуу сыртынан чечим чыгарган.

Анатолий Балушкин — "Бипэк Авто — Азия Авто" компаниялар тобунун директорлор кеңешинин төрагасы. Компаниянын көйгөйлөрү 2020-жылы Индустрия жана инфраструктуралык өнүгүү министрлиги өндүрүштүк кураштыруу үчүн жеңилдиктерди берүү тууралуу келишимди жокко чыгаргандан кийин башталган.

Өкмөт компаниядан жеңилдик катары берилген 405 миллион долларды (174 миллиард теңге) казынага кайтарып берүүнү талап кылган.

Компания өкүлдөрү бул чечим боюнча сотко даттанып, 2021-жылдын башында министрликке утулуп калган. Андан соң "Азия-Авто" өлкө боюнча 2 миңден ашык жумушчусун иштен кетирип, ишкананын айрым багыттар боюнча иш алып барган бөлүмдөрү жабылган.

Индустрия министрлиги аталган компаниялар тобу авто кураштыруу боюнча макулдашуунун алкагында 2010-жылы алган милдеттенмелерин аткарбаганын билдирген. "Азия Авто" компаниясы кошумча нарк салынынан жана бажы төлөмдөрүнөн бошотуу өндүү мамлекет тарабынан берилген жеңилдиктерди пайдаланып келген.

Ушундай жеңилдиктер менен "Азия Автонун" атаандашы эсептелген "СарыаркаАвтоПром" ишканасы да пайдаланат. Жакынкы убакыттан бери бул ишкананы China Machinery Import and ExportCorporation компаниясы аркылуу Кытайдын өкмөтү көзөмөлдөп келет.

Видео

Видео

Кыргызчаны оңой үйрөткөн мугалим
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:11:07 0:00
XS
SM
MD
LG