Ссылки доступа

Ташкентте жаңы төрөлгөн кызын сатууга аракет кылган аял кармалды


Ташкенттин Янгихаёт районунда жаңы төрөлгөн кызын сатууга аракет кылган аял кармалды. Бул тууралуу өлкөнүн Башкы прокуратурасына караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү департаменти кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, аял 7-августта төрөлгөн кызын 18 миң АКШ долларына баалап, бул сумманы алып жаткан маалда кармалган.

Ага каршы "Адам сатуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө.

XS
SM
MD
LG