Ссылки доступа

Түркмөнстанда кургакчылыктан улам мал кырылууда


Түркмөнстандын Балкан облусунда кургакчылыктан улам мал жапырт кырылууда. Бул тууралуу "Азаттык" радиосунун түркмөн кызматы кабарлады.

Басылманын маалыматына караганда, азырынча кургакчылык аймактагы мал чарбачылыгына канча зыян алып келгенин так айтуу мүмкүн эмес, анткени өлкөнүн расмий органдары азыркы кургакчылыкка байланышкан абалды жашырууда.

Жергиликтүү малчылардын айтымында, аймакта абанын температурасы 45 градустан ашып жатат. Деңиз менен чөлдүн ортосунда жайгашкан жайыттарды кум каптап, миңдеген төө жана майда үй жандыктары суусуз, тоютсуз өлүп калууда.

Аймактагы кургакчылык тууралуу маалыматтар өлкөнүн батыш бөлүгүндөгү айыл чарба жерлери үчүн суу топтой турган гидротүйүндүн ачылышынан кийин пайда болду.

"Алар ачылуу ааземинде жакшы көрүнсүн деп, аймактагы айыл чарба жерлерине бериле турган сууну токтотуп, жаңы курулган көлмөнү толтурушту", – деди аймакты суу менен камсыз кылуу боюнча башкармалыктын кызматкери.

Ал учурда жакын жайгашкан айылдарды суу менен камсыз кылуу маселесин чечүү мүмкүн эмес экенин, анткени объектиде топтолгон сууну пайдалануу үчүн сордургучтар жана башка жабдуулар жок экенин кошумчалады.

Түркмөнстандын Балкан облусу кургакчылыктан улам июль айында миңден ашык мал кырылганы кабарланган Казакстандын Мангыстау облусу менен чектешет. Аймактагы кургакчылык маселесин чечүү үчүн облустун мамлекеттик резервинен 1,9 миллиард теңге (4,4 миллион доллар) бөлүнгөнү маалымдалган.

Августтун башында Евробиримдик Казакстандагы кургакчылыктан зыянга учураган үй-бүлөлөргө каржылай көмөк иретинде 200 миң евро бөлгөнүн билдирген. Анда жардам Мангыстау жана Түркстан облустарындагы кургакчылыктан көбүрөөк зыян тарткан 6 миңге жакын кишиге берилери кабарланган.

XS
SM
MD
LG