Ссылки доступа

Гаитиде жер титирөөдөн каза болгондор 1300гө жетти


Гаитинин Жарандык коргонуу агенттиги 14-августтагы зилзаладан каза болгондор 1300гө жетип, 6 миңге жакын киши жараат алганын билдирди. Агенттиктин маалыматына ылайык, курмандыктардын көбү өлкөнүн түштүгүндө катталууда.

Бийлик Жереми жана Ле-Ке шаарларындагы турак жайлардын көбү кыйрап калганын кабарлады. Премьер-министр Ариэл Анри Ле-Ке шаарына учуп кетер алдында Гаитиде бир айлык өзгөчө кырдаал жарыяланды.

АКШнын Геологиялык кызматы билдиргендей, магнитудалык күчү 7,2 баллга жеткен жер титирөө ишемби күнү таңкы саат 8:30 чамасында болгон. Анын очогу борбор шаар Порт-о-Пренстен батыш тарапты көздөй 125 чакырымдай алыстыкта жайгашкан.

Зилзала Порт-о-Пренсте катуу сезилгени менен баш калаада чоң кыйроо болгон жок.

2010-жылы 7 баллдык жер титирөө Порт-о-Пренстин көп бөлүгүн урандыга айлантып, өлкө боюнча болжол менен 300 миң кишинин өмүрүн алган.

Видео

Видео

Спорт жана үй-бүлө: Изабековдордун жашоо философиясы
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:33:03 0:00
XS
SM
MD
LG