Ссылки доступа

Талибдерден качкан 143 ооган жоокери Тажикстандын аймагына өттү


Бохтар шаарындагы аэропорт

16-августка караган түнү ооган армиясынын 143 жоокери Хатлон облусунун административдик борбору — Бохтар шаарына учуп келди. Күн мурун "Талибан" кыймылы Кабулга кирип, Ооганстандын бардык аймагы алардын көзөмөлүнө өткөнүн жарыялаган.

"Озоди" радиосу Тажикстандын Өзгөчө кырдаалдар жана жарандык коргонуу комитетиндеги өз булактарына таянып, ооган аскерлери убактылуу шаардагы мамлекеттик университеттин жатаканасына жайгаштырылганын кабарлады.

"Арасында эки аял бар. Азыр аларды башка жерге жайгаштыруу маселеси талкууланып жатат. Бир нече сунуш айтылды, азырынча акыркы чечим кабыл алына элек", — деп билдирди булак.

Маалыматка караганда, ооган жоокерлери Бохтар аэропортуна үч учак жана эки согуштук тик учак менен келип, тажик бийлигине 55 даана ок атуучу куралды өткөрүп беришкен.

15-августта тажик бийлигине жакын булактар Ооганстандын президенти Ашраф Гани Душанбеге келип, көп өтпөй Оманга учуп кеткенин билдиришкен. Бирок бүгүн Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги бул маалыматты четке кагып, Ашраф Ганинин учагы өлкөнүн аба мейкиндигине кирбегенин кабарлады.

16-августка караган түнү талибдер Кабулга кирип, Ооганстандын аймагы толугу менен алардын көзөмөлүнө өткөнүн жарыялаган. Убактылуу өкмөт түзүлүп, анын башчысы болуп өлкөнүн мурдагы ички иштер министри Али Ахмад Жалали дайындалды.

Видео

Видео

XS
SM
MD
LG