Ссылки доступа

70 өлкө "Талибанды" бардык каалоочулардын Ооганстандан чыгып кетишине уруксат берүүгө чакырды


Кабул аэропортунун кире бериши
Кабул аэропортунун кире бериши

Дүйнөнүн 50гө жакын өлкөсү менен Европа биримдиги (ЕБ) биргелешкен билдирүүгө кол коюп, талибдерди Ооганстандан чыгып кетүүнү каалаган бардык адамдардын коопсуздугун камсыздап берүүгө чакырышты.

"Жолдор, аэропорттор жана чек аралар ачык бойдон калып, тынчтык сакталышы керек. Ооган эли коопсуз жана татыктуу жашоого акылуу. Эл аралык коомчулуктун мүчөлөрү болсо аларга мындай шартты түзүп берүү үчүн көмөк көрсөтүүгө даяр", — деп жазылган АКШнын Мамлекеттик департаменти тараткан билдирүүдө.

Жекшемби күнү талибдер Ооганстандын баш калаасы — Кабул шаарына кирип, президенттик сарайды ээлеген. Өлкөнүн президенти Ашраф Гани өлкөдөн чыгып кеткен.

Кабулда коменданттык саат киргизилген. Батыш өлкөлөрүнүн Ооганстандан чыгып кете элек контингенти коопсуздугун камсыздап жаткан аэропорт дипломаттардын убактылуу жайгашуу жайына айланган. Учурда ал жакта АКШнын, Франциянын жана Германиянын дипломатиялык кызматкерлери бар. Мындан тышкары анда Ооганстандан чыгып кетүүгө аракет кылган миңдеген киши турат. Жекшембидеги ок атуулардан кийин коммерциялык каттамдар токтогон.

Пентагон америкалык жарандарды жана АКШ өкмөтү менен кызматташкан адамдарды эвакуациялоого жардам берүү үчүн аэропорттун аймагындагы аскерлеринин санын 6 миңге чейин көбөйтө турганын билдирди.

Орусиянын Кабулдагы элчилиги ишин улантарын, эч ким эвакуацияланбай турганын кабарлады. Борбор Азия өлкөлөрүнүн Ооганстандагы элчиликтери да ишин улантууда.

"Талибан" кыймылынын өкүлү "Аль-Жазира" телеканалына маек куруп, Ооганстандагы согуш аяктаганын, өлкөдөгү башкаруу формасы жакынкы убакта аныкталарын айтты.

"Талибандын" саясий бюросунун расмий өкүлү Мухаммад Наим алардын өлкөдөгү бир да дипломатиялык миссияга кол салуу ниети жок экенин билдирди. Анын айтымында, талибдер Ооганстандагы чет өлкөлүк жарандардын жана элчиликтердин коопсуздугун кепилдейт жана өлкөдөгү бардык саясий фигуралар менен сүйлөшүүгө даяр. Ал ошондой эле "Талибан" өлкөдөгү аялдар менен азчылыктардын укуктарын сыйлай турганын, бирок ал шариаттын алкагында гана болорун кошумчалаган.

XS
SM
MD
LG