Ссылки доступа

Мирзиёедин кызынын бир ай мурда ачылган мобилдик бала бакчалары ишин баштай элек


Мобилдик бала бакчалар

Бир ай мурда Өзбекстандын Хорезм облусундагы Хива районунун алыскы эки маалесинде "Аклвой" долбоорунун алкагында уюштурулган эки мобилдик бала бакчанын салтанаттуу ачылышы болгон. Бирок жергиликтүү тургундар ал бала бакчалар бүгүнкү күнгө чейин ишин баштай элек экенин билдиришүүдө.

– Бир ай мурда биздин мааледе автобус-бала бакча ачылганын жарыялашкан. Анын ачылышына жергиликтүү аткаминерлер катышып, ЖМКлар жазып, чоң жарнама болгон. Бирок бала бакча бир да күн иштеген жок. Ачылышына башка балдарды алып келип, сүрөткө тарткандан кийин кайра алып кетишкен, – деди тургундардын бири.

Бул маалыматты аталган мааленин активисттери менен башка тургундары да ырасташты.

Хива райондук билим берүү башкармалыгынын аты-жөнүн билдиргиси келбеген кызматкери "аталган бала бакчалардын ишин толук уюштурууга жетишпей калышканын" айтып, алар "өлкөнүн Эгемендик күнүнө карата" ишин баштай турганын кошумчалады.

– Азыр Хивадагы мобилдик бала бакчаларга кабыл алына турган балдардын тизмелери түзүлүп жатат. Аларды жаңы окуу жылынын башталышында ачуу пландалууда. Хивадан тышкары биздин облустагы дагы эки райондо мобилдик бала бакчалар ачылат. Азыр ал райондордо да балдардын тизмелери түзүлүп жатат, – деди ал.

Өзбекстанда 2019-жылы "Аклвой" деп аталган пилоттук долбоор иштей баштаган. Анын алкагында атайын жабдылган автобустарда мобилдик бала бакчалар уюштурулган.

Өлкөнүн бала бакчалары жок алыскы айылдарына арналган "Аклвой" долбоорунун автору президент Шавкат Мирзиёевдин кичүү кызы Шахноза Мирзиёева. Ал учурда Мектепке чейинки билим берүү министрлигине караштуу Мектепке чейинки билим берүү тармагындагы саясатты түзүү жана жүрүзүү башкармалыгын жетектейт.

Быйыл март айында долбоордун экинчи этабына старт берилген. Анда 49 автобустун базасында уюштурулган мобилдик бала бакчалар жалпысынан Өзбекстандын алыскы айылдарындагы 98 маалени камтыганы кабарланган.

Мобилдик топтордогу окуу жылы 2-сентябрда башталып, кийинки жылдын 31-майында аяктайт. Жайкы ден соолукту чыңдоо мезгили 1-июндан 31-августка чейин созулат.

Мобилдик топтордо мамлекеттик мектепке чейинки билим берүү кызматтары бекер көрсөтүлөт. Бейрасмий маалыматтарга ылайык, "Аклвой" долбоорун ишке ашыруу үчүн Бириккен Араб Эмираттары ири өлчөмдө грант бөлгөн.

Расмий маалыматтарга ылайык, Өзбекстанда 11 миллион баланын мектепке чейинки мекемелерге барууга мүмкүнчүлүгү жок.

Видео

Видео

Кыргызчаны оңой үйрөткөн мугалим
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:11:07 0:00
XS
SM
MD
LG