Ссылки доступа

Өзбекстан өлкөнүн аба мейкиндигин бузган ооган учагы атып түшүрүлгөнүн билдирди


Ооганстандын аскер аба күчтөрүнө таандык учак. (иллюстрациялык сүрөт)

Өзбекстандын Сурхандарыя облусунун Шерабад районунда 15-август күнү кечинде Ооганстандын аскер аба күчтөрүнө таандык учак кулап түшкөн. Өзбекстандын Коргоо министрлиги бул учак мамлекеттин аба мейкиндигинен өтүп, аймакка кирип баратканда атып түшүрүлгөнүн ырастады.

Жергиликтүү маалымат каражаттары коргоо министрлигиндеги булактарына таянып, учак атып түшүрүлгөн маалда анын эки учкучу парашют менен секирүүгө үлгүргөнүн жазып чыгышты.

Басылманын маалыматы боюнча жаракат алган эки ооган учкучу Термездеги ооруканага жеткирилди. Буга чейин ушул эле ооруканага жарадар болгон үч ооган аскери жаткырылган.

Талибдер кабулга 15-августта кирип, президенттик сарайды согушсуз алышкан. Талибан 20 жылдан берки согуш аяктаганын жарыялады.

Видео

Видео

Майыптардын камын көргөн Улукбек
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:51 0:00
XS
SM
MD
LG