Анын айтымында, полиция кызматкерлери базар баасынан арзан сатылган азык-түлүк алуу үчүн мамлекеттик дүкөндөргө келген тургундарды кайра артка кайтарып жатышат. Мындан тышкары жергиликтүү бийликтин буйругу менен банкоматтардын алдында кезекте турган адамдар да таратылууда.
Түркмөнстанда акыркы жылдардагы экономикалык каатчылыкка байланыштуу өлкөнүн аймактарын азык-түлүк менен камсыз кылууда маселелер жаралып келет. Каржылык кыйынчылыктан улам калктын көбү мамлекеттик дүкөндөрдө сатылган субсидияланган азык-түлүктөрдү алууга аргасыз.