Ссылки доступа

Чымкентте ооган качкындарына арналган төшөнчү-орундарды жыйнап кетишти


16-августта кечке маал Чымкенттеги Тогус айлында эски мектептин имаратында “ооган качкындарына арналган” төшөнчү-орундарды чукул кырдаалдар кызматтарынын өкүлдөрү жыйнап кетишти. Бул тууралуу “Азаттыктын” казак кызматына айыл тургундарынын бири кабарлады:

- 15-августта “Ооганстандан кишилер келет” деп төшөнчүлөрдү алып келишкен. Болжол менен 300 адамга орун даярдадык. “Бүгүн келишпейт, буюмдарды кампага алып барабыз” деп кайра алып кетип калышты.

Ооганстанда талибдер басып алган аймактардан качкындар Чымкентке келе турганы жөнүндө маалыматтар соцтармактарда тараган.

Тогус айлындагы коллеждин кызматкери орун даярдоо боюнча тапшырма түшкөнүн, 100дөй төшөнчү-орун алынып келингенин тастыктады.

Чымкент акимчилиги бул жагдай боюнча комментарий берген жок. Дүйшөмбү күнү кечинде Казакстан президентинин маалымат катчысы Берик Уали “Фейсбуктагы” баракчасына “Президент Ооганстандагы качкындар жөнүндө чечим кабыл ала электигин” жазды.

Видео

Видео

Кыргызчаны оңой үйрөткөн мугалим
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:11:07 0:00
XS
SM
MD
LG