Ссылки доступа

ЖМК: Ооган маршалы Дустум Өзбекстанда


Ооган маршалы Абдул Рашид Дустум менен Балх провинциясынын мурдагы губернатору Ато Мухаммед Нур Ооганстандан Өзбекстанга качып келди. Бул тууралуу Reuters, РИА Новости жана ТАСС өз булактарына таянуу менен жазышты.

Маалыматтарга караганда, Абдул Рашид Дустум менен Мухаммед Нур өзбек-ооган чек арасынан 14-августта Термез-Хайратон көпүрөсү аркылуу өтүшкөн. ТАСС ушул тапта Дустум Термезде экенин кабарлады.

Өзбек басылмалары да бул маалыматты тастыкташты. Бирок өзбек өкмөтү расмий түрдө муну четке каккан да, ырастаган да жок.

14-августта Өзбекстан ТИМи 84 ооган аскер кызматкери чек арадан өтүп келгенин, башкалка жана медициналык жардам алып жатканын билдирген.

Маршал Дустум 2014-2017-жылдары Ооганстандын вице-президенти болгон.

Видео

Видео

Спорт жана үй-бүлө: Изабековдордун жашоо философиясы
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:33:03 0:00
XS
SM
MD
LG