Ссылки доступа

Германия Ооганстандагы жарандарын эвакуациялоодо Өзбекстан менен кызматташат


17-августта Өзбекстандын жана Германиянын президенттери Шавкат Мирзиёев менен Франк-Вальтер Штайнмайер телефон аркылуу сүйлөшүп, Ооганстандагы немис жарандарын эвакуациялоо маселесин талкуулады.

Германия сүйлөшүүнүн жыйынтыгында Ооганстандан көбүрөөк адамды эвакуациялоо үчүн Ташкент менен Кабулдун ортосунда аба көпүрөсү түзүлгөнүн кабарлады.

Мындан тышкары сүйлөшүүнүн жүрүшүндө президенттер Ооганстандагы акыркы абалды талкуулап, бул өлкөдөгү кырдаалдын тынчтык жол менен чечилиши үчүн биргелешкен аракеттерди көрүү жана аймактагы абал боюнча туруктуу түрдө саясий кеңешмелерди өткөрүп турууну макулдашты.

Өзбек басылмаларынын маалыматына караганда, 17-августта Германиянын эвакуациялык учагы Кабулдан Ташкентке 125 кишини алып келген. Эми алар Ташкент аркылуу Берлинге жеткирилет.

Видео

Видео

Кыргызчаны оңой үйрөткөн мугалим
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:11:07 0:00
XS
SM
MD
LG