Ссылки доступа

Тажикстанда төрт балалуу дудук аял он жылдан бери жашаган үйүнөн чыгарылды


Тажикстандын Куляб шаарында соттун чечими менен дудук аял акыркы он жылдан бери эрезеге жете элек балдары менен жашап келген үйүнөн чыгарылды.

Тубаса дудук Зулкадамох Абдурахмонова 2010-жылы өзүнөн 30 жаш улуу Мурод Кавгаков аттуу жаранга турмушка чыккан. 2019-жылы күйөөсү каза болуп, ал жашы жете элек төрт баласы менен калган. Көп өтпөй анын өгөй кызы Мижгона Муродзода аны балдары менен үйдөн чыгаруу өтүнүчү менен сотко кайрылган.

Быйыл апрелде Куляб шаардык соту Муродзоданын өтүнүчүн канааттандырып, майып аялды турак жайды бошотуп берүүгө милдеттендирген. Сот мындай чечим доогер берген документтердин негизинде кабыл алынганын билдирди.

"Абдурахмонова да каршы доо арыз жазган. Бирок анын үйү жашоого жарабай калгандыктан, арызы кабыл алынган эмес: үйүндө суу менен камсыз кылуу булагы жок экен. Чечим доогер сотко алып келген документтердин негизинде кабыл алынган. Биз талаш үйдө болгон эмеспиз", — деди судья Алимардон Шамсзода.

Учурда Зулкадамох Абдурахмонова төрт баласы менен он жыл бою жашаган үйүнүн жанында, ачык асман алдында күн кечирүүдө. Анын коңшулары аткаминерлер майып аялды күч менен үйүнөн чыгарышканын билдиришүүдө. Алар бул учурду видеого тартып алышкан.

Ал ортодо "жашоого мүмкүн болбой калган" делген үйгө Мижгона Муродзода көчүп келип алган. Ал бул окуя боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.

Сотто Муродзода атасы эч кимге айтпастан эле Абдурахмоновага үйлөнүп, аны үйгө ээрчитип келгенин билдирген. Бирок коңшулары анын бул сөздөрүн четке кагып жатышат. Алардын айтымында, Мижгона аларды “өзү баш коштурган”.

Аянтынын 93% тоолор ээлеген Тажикстанда калктын турак жайга болгон суроо-талабын канааттандыруу эң курч социалдык-экономикалык көйгөйлөрдүн бири болуп эсептелет.

XS
SM
MD
LG