Ссылки доступа

Өзбекстанда ооган качкындары үчүн чатырлардан турган лагерь уюштурулду


Өзбекстанда ооганстандык качкындар үчүн чатырлардан турган лагерь уюштурулду. Бул тууралуу Gazeta.uz сайты аталган лагердин медициналык бөлүгүндө иштеген дарыгарлерге шилтеме кылып кабарлады.

Маалыматка караганда, бүгүнкү күндө Ооганстан менен чектешкен Сурхандарыя облусунун Термез районундагы убактылуу лагерге 100дөн ашык качкын жайгаштырылды.

"Талибан" кыймылы Ооганстандын баш калаасы Кабулга 15-августта кирип, өлкөдөгү 20 жылга созулган жарандык согуш аягына чыкканын жарыялаган. Анда өлкөнүн өкмөттүк күчтөрүнүн бир бөлүгү Өзбекстанды көздөй качканы кабарланган.

Өзбек ЖМКларынын маалыматына караганда, 14-августта Өзбекстандын аймагына 84 ооган жоокери өткөн. Алардын үчөө жарадар болгон.

15-август күнү кечинде Өзбекстандын Сурхандарыя облусуна Ооганстандын Аскер-аба күчтөрүнө таандык учак кулап түшкөн. Өзбек Коргоо министрлиги ал "өлкөнүн аба мейкиндигин бузуп өтүүгө аракет кылган учурда" атып түшүрүлгөнүн билдирген.

Мындан соң Өзбекстандын Башкы прокуратурасы 15-августта Ооганстандын "ЭМБРАЙЕР-314" үлгүсүндөгү үч учагы Каршидеги "Ханабад" аэропортуна конууга уруксат сурап, бирок Термез аэропортуна жөнөтүлгөнүн кабарлаган. Аларды коштоп жүрүү үчүн аба мейкиндигине Өзбекстандын эки "МИГ-29" учагы көтөрүлгөн. Коштоп жүрүү учурунда Сурхандарыя облусунун Шерабад районунда ооган учактарынын бирөө Өзбекстандын Аскер-аба күчтөрүнүн истребители менен кагышып, учкучтар борттон чыгып кетүүгө үлгүрүшкөн.

Видео

Видео

Туристтерди капа кылган кыргыз милициясы
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:06:43 0:00
XS
SM
MD
LG