Ссылки доступа

Түркмөн дипломаттары "Талибан" кыймылынын өкүлдөрү менен жолукту


Түркмөнстандын Герат жана Мазари-Шарифтеги башкы консулу 18-августта “Талибандын” Герат менен Балхтагы миссияларынын жетекчилери менен жолукту. Бул тууралуу Түркмөнстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Тараптар Түркмөнстандын Башкы консулдугунун иштерине байланыштуу маселелерди талкуулашты.

Маалыматтарга караганда, түркмөн бийлигинин өкүлдөрү 2021-жылы “Талибан” жетекчилери менен кеминде үч жолу жолуккан.

Түркмөнстан Ооганстандагы окуялар боюнча расмий позициясын ачыктай элек. Ошол эле маалда Ашхабад Ооганстандагы кыйноодон качып келген ооган жоокерлерин, этникалык түркмөндөрдү да чек арасынан өткөргөн жок.

Түркмөнстан менен Ооганстандын чек арасы 800 чакырым аралыкта чектешет.

XS
SM
MD
LG