Буга чейин Түркия 500дөй аскери НАТОнун тынчтык миссиясынын алкагында Ооганстанда кызмат өтөп жатканын билдирген.
Тажикстандын бийлиги бул учактар менен өлкөгө канча түрк аскери келгени тууралуу расмий маалымат берген жок. Мындан тышкары алардын качан өз мекенине жеткириле турганы да белгисиз.
Өткөн аптанын аягында Бахрейн, Британия, Дания, Германия, Италия, Казакстан, Кувейт, Катар, Түркия, Тажикстан, Бириккен Араб Эмираттары ооган качкындарына транзит берери аныкталган.