Ссылки доступа

Токаев Алматы облусундагы аскердик машыгууга барды


Казакстандын Алматы облусунда Ички иштер министрлигинин Улуттук гвардиясынын "Кайсар-2021" деп аталган аскердик машыгуусу өтүп, андагы ыкчам-тактикалык жүрүштөрдүн аткарылышына президент Касым-Жомарт Токаев байкоо салды.

Казакстандын жогорку башкы кол башчысы, президент Токаев ички аскерлердин кризистик кырдаалдарды жөнгө салуу жөндөмүнө баа берди.

"Эл аралык абал курчуп турган маалда биздин күч түзүмдөрүбүз ыкчам мобилизациялоого даяр турганы оң. Биз коомчулукта Ооганстандагы кырдаалга тынчсызданган жагдайды байкап турабыз. Бул өлкөдө болуп жаткан окуялар Казакстанга түздөн-түз коркунуч жаратпайт. Бирок албетте, кандайдыр бир тобокелдиктер бар. Ошондуктан биз кандай гана чакырык болбосун ыкчам жооп кайтарууга даяр болуу үчүн кырдаалдын өзгөрүшүн кылдат байкап турушубуз зарыл", – деди Токаев.

Президент өз сөзүндө аскер кызматчыларына социалдык камсыздоону көбөйтүүгө да убада берди. Ал ички аскерлердин прапорщиктери менен офицерлеринин маянасы үч жылда 30% көтөрүлө турганын айтты.

Видео

Видео

Кыргызчаны оңой үйрөткөн мугалим
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:11:07 0:00
XS
SM
MD
LG