Ссылки доступа

Түркмөнстанда өлкө тарыхында алгачкы олимпиадалык медаль уткан спортчу сыйланды


Полина Гурьева 
Полина Гурьева 

Эгемен Түркмөнстандын тарыхындагы алгачкы жана жалгыз олимпиада медалын уткан Полина Гурьевага спорттун эмгек сиңирген чебери наамы, автоунаа жана батир берилди. Бул тууралуу түркмөн басылмалары кабарлашты.

Маалыматка караганда, Гурьевага президент Гурбангулы Бердымухамедовдун атынан 50 миң АКШ долларын, Ашхабаддан үч бөлмөлүү батирди жана Lexus LX 570 үлгүсүндөгү автоунааны өлкөнүн вице-премьери Сердар Бердымухамедов тапшырды. Иш-чара 21-августта Ашхабаддагы Олимпиадалык шаарчада өттү.

Оор атлетчи Гурьева өлкө тарыхындагы алгачкы олимпиадалык медалды (күмүш) быйыл Жапониянын баш калаасы Токиодо утуп алган. 27-июлда 59 килограммга чейинки салмак категориясындагы спортчулардын арасында өткөн мелдеште Гурьева штанганы булкуп жана түртүп, жалпысынан 217 (96+121) килограмм көтөргөн.

Буга чейин өлкөнүн 30 жылдык эгемендик тарыхында түркмөнстандык спортчулар Олимп оюндарында бир да жолу медаль уткан эмес. Түркмөнстан Советтер союзунун бир бөлүгү болуп турганда бул өлкөдөн чыккан спортчулар СССР үчүн алтын медалдарды алып берген учурлар болгон.

Быйыл Токиодо өткөн жайкы Олимп оюндарына Түркмөнстандан тогуз спортчу барган. Өлкөнүн делегациясын Жапонияга президенттин уулу, вице-премьер Сердар Бердымухамедов жетектеп барган.

XS
SM
MD
LG