Ссылки доступа

Тажикстанда суюлтулган газдын баасы кайрадан кымбаттады


Тажикстанда эки аптадан бери күйүүчү-майлоочу майлардын бардык түрү кымбаттады. Күн мурун Душанбеде суюлтулган газдын бир литринин наркы 8.20ден 9 сомониге чейин жогорулады.

Өткөн айда Тажикстандын Монополияга каршы кызматы күйүүчү май дүйнөлүк рынокто жана аны өндүргөн өлкөлөрдө кымбаттап жатканын билдирген.

Жергиликтүү экономисттер болсо күйүүчү майдын баасынын болуп көрбөгөндөй өсүшүнө атаандаштыктын жоктугу да себеп болуп жатканын билдиришүүдө.

“Жазында монополист компаниялар газдын баасын жасалма төмөндөтүшкөн. Натыйжада, экспорт менен алектенген майда компаниялар жабылып калган. Азыр монополисттер бир нече ай мурдагы чыгымдарын жабуу үчүн газдын баасын кымбаттатты”, - деди жергиликтүү талдоочу Фозилджон Фатхуллоев.

Тажикстан суюлтулган газ менен күйүүчү майлардын 90% Казакстандан сатып алат. Быйыл 3-мартта Атырау шаарындагы мунайды кайра иштетүүчү заводдун бири ремонтко жабылгандан кийин Казакстан Тажикстанга газ экспорттоону токтоткон.

31-мартта Тажикстан парламенти азык-түлүк менен мунай продукцияларын, анын ичинде бензинди кошума нарк салыгынан, акциз жана бажы алымдарынан бошоткон.

XS
SM
MD
LG