Ссылки доступа

Өзбек блогери Өзбекстандын Москвадагы элчилигинде сабалды


Блогер Журабек Омонов.
Блогер Журабек Омонов.

Өзбекстандын Москвадагы элчилиги 19-августта консулдуктун имаратында блогер Журабек Омоновду сабаган кызматкерлерин коргоп чыкты.

Блогер Youtube баракчасына кан болгон жүзүн жана сынган мурдун көрсөтүп, видео жарыялаган.

Журабек Омонов аны апасы издөөдө жүргөн өзбекстандык эки жашар кыздын мындан аркы тагдырын талкуулоо үчүн элчиликке чакырганын айтат. Ал консулдукка келгендерге орой мамиле жасагандарды сынга алганы үчүн дипломатиялык өкүлчүлүктүн күзөтчүлөрү сабап таштаганын ырастоодо.

– Мен күзөтчүлөрдөн кишилерге “сен” деп кайрылбай, сылык мамиле жасоону сурадым. Алар мага: “Сен кимсиң? Эмне үчүн бул жерде талап коюп жатасың?” деп жооп беришти. Андан соң алар мени консулдуктун кире беришиндеги көзөмөл пунктка алып барышып, бетке чабышты. Эки күзөтчүнүн бири муунтуп, башка койгулады. Күзөтчүлөрдүн биринин ысымы Журабек, экинчисиники Ахром болсо керек эле, – деди блогер Журабек Омонов.

Ал консулдукта алган жаракатын тастыктоо үчүн Москвадагы ооруканалардын бирине кайрылганын белгиледи.

Өзбекстан элчилиги тараткан билдирүүдө Журабек Омонов бул окуя үчүн өзү күнөөлүү экени, консулдуктун имаратына мыйзамсыз кирүүгө аракет жасаганы айтылат.

Журабек Омонов көп жылдардан бери Орусияда жашайт. Бир нече жыл мурун ал эмгек мигранттарга жардам көрсөтүү үчүн “Суянч” тобун түзгөн. Учурда анын соцтармактардагы баракчаларына 100 миңдей колдонуучу катталган.

XS
SM
MD
LG